Марал Радиосу

Дагестанда куралчан адамдардын кол салуусунан 17 киши каза болду

Дагестандын Дербент жана Махачкала шаарларындагы православ чиркөөлөрүнө, синагога жана жол полициясынын бекетине жасалган кол салуулардан кеминде 17 киши, анын ичинде 15 полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазууда.

Өлкөдө контртерористтик операция режими киргизилип, эки шаарда тең салгылашуулар кечке чейин уланган.

Саат 23:00 чамасында Улуттук антитеррордук комитет Дербенттеги атайын операциянын активдүү фазасы аяктаганын кабарлады.

Операция учурунда Дербентте эки куралчан, Махачкалада үч согушкер жок кылынганы кабарланды.

Орусиянын Тергөө комитети «теракт» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. 24-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Дербентте белгисиз куралчан адамдар Ленин көчөсүндөгү Бүбү Мариямдын Шапаат чиркөөсүнө жана Таги-Заде көчөсүндөгү Келе-Нумаз синагогасына кол салышкан.

Кол салгандар чиркөөгө жана синагогага автоматтар менен ок чыгарганын Ички иштер министрлиги билдирди. Кол салуудан улам синагогада өрт чыкты.

Бир эле учурда Махачкалада белгисиз адамдар ок чыгарган. Ал жерде Ермошкин көчөсүндөгү МАИ посту, ошондой эле жанындагы синагога аткыланган. Орджоникидзе көчөсүндөгү Ыйык Успен соборунун жанында да атышуу болду.

Кол салуу маалында чиркөөгө 19 адам — ​​дин кызматкерлери жана чиркөөчүлөр баррикада орнотушкан. Кийинчерээк аларды милиция кызматкерлери алып чыгышкан.

Түндө каза болгон милиция кызматкерлеринин саны 15ке жеткени белгилүү болду.