Марал Радиосу

Бишкек – Ош унаа жолу ачылды

Бүгүн, 24-июнь күнү саат 8:00дө Бишкек — Ош унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бир күн мурун аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, 6 тилкеден таш кулап, жолду жаап калган.

Жеринде түнү менен ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жалпы 5 техника тартылып,  жолду тазалоо иши жүрдү.