Эртең, 24-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 29…34,
Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25,
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21,
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 31…33° болот.