Марал Радиосу

Түптө сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 22-июнда саат 15:40 чамасында нөөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулары арыктан ашып, 11 үйдүн короосун суу каптаган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан жана Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук жарандык  коргонуу кызматтары тартылган.

Суу өтүүчү арыктарды кеңейтүүгө 2 экскаватор, 1 жүктөгүчтүн тартылып,  сел суулары кирген 3 үйдүн жер төлөөсү толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.