Марал Радиосу

Чоң-Алай: Депутат чек ара макамын алган айылдарга жардам көрсөтүлбөй жатканын айтты

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык кеңешинин депутаты Назирилла Мурзапар уулу чек арага чектеш айылдарга чек ара макамын алган айылдардын социалдык абалын жакшыртуу максатында жеңилдиктер каралбай жаткандыгы элди нааразычылыкка алып келүүдө жана чек арага чектеш айылдарга (Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Шибее, Чулук) өзгөчө чек ара макамын берүүсүн суранып, Улуттук коомсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Кайрылууда Министрлер кабинети тарабынан 2023-жылдын 23-июнунда кабыл алынган айрым чек ара аймактарына чек ара макамын берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө токтомдун негизинде, Чоң-Алай районунун 17 айылы чек ара макамы бар чек ара аймактарынын тизмесине киргизилгени айтылат.

“Максат, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы талаштуу жерлерди чечүү жана чек ара аймактарындагы ички миграцияны токтотуу , пособие, пенсия, айлык маяналарды көбөйтүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу максаты болгон эле. Маалым болгондой Чоң-Алай Тажикстан чек арасы учурда абал туруктуу. Чоң-Алай району климаттык шарты оор, абасы бийик, мал чарбачылык менен жана дыйканчылыгы картошка менен күн кечирип келүүдө. Тилекке каршы, дыйкандардын мээнети акталбай картошканын баасы да төмөн болууда, тажик эли менен 3 жолу катуу конфликке кабылды, чек ара тезинен чечилет, чек ара макамын алган айылдардын социалдык абалын жакшыртуу максатында жеңилдиктер каралбай жаткандыгы элди нааразычылыкка алып келүүдө жана чек арага чектеш айылдарга (Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Шибее, Чулук) өзгөчө чек ара макамын берүүсүн суранабыз. Айлык маяналарга 30%, пенсия алуучулардын ар бирине 2000 сомдон, ар бир баланын жөлөк пулун 100%га көбөйтүп берүү жагын жана саламаттык сактоо тармагы жана муниципалдык кызматкерлерден 10% алынып калынган киреше салыгынан бошотуу, электр энергиясынын тарифин 50%га арзандатуу, студенттердин контрактык төлөмдөрүн 50%га чейин кыскартуу, жумушсуздукту жоюу максатында жаштарды миграцияга чыгарбай чакан болсода иш каналарды куруп берүү жагын суранабыз. Жакшы жагына чечилип калса экен деген ишенич менен Чоң-Алай районунун тургундары өзгөчө чек арага чектеш Жекенди айыл аймагынын тургундары «өзгөчө чек ара макамын» берет жеңилдиктер каралат деген үмүт менен чыдамсыздык менен күтүп жаткан кези”- деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети өлкөдөгү 150нүн тегерегиндеги чек арага чектеш болгон айылга өзгөчө макам берилген. Мындай аракеттер мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын жашоо шартын жакшыртуу, ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.