Марал Радиосу

Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы Т.Р.М. 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен 19-июнда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.Р.М. Кыргызстандын паспортторун берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган. Бул фактынын негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө («опузалап пара талап кылуу») ылайык кылмыш иши козголду.

Натыйжада Т.Р.М. 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Exit mobile version