Марал Радиосу

Ноокен районунда кайрадан сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Алиев, Садырбеков айыл өкмөттөрүндө 21-июнда болжол менен саат 21:40та тынымсыз жааган жаандан улам сел жүрүп, 152 турак жайдын жана эки социалдык объектти, пахта иштетүүчү заводдун короосун суу каптаган. Ошондой эле тогуз турак жайдын ичин жана Бишкек – Ош автоунаа жолунун 523-чакырымын сел каптаган. Бул туралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жеринде кырдаалды жоюу үчүн ЖК кызматынын күч-каражаттарын, инженердик техникалары жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү РӨКОдон 120 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак жайларды түн менен тазалоо жумуштарын алып барышууда.

Сел каптаган аймактар тийешелүү адистер тарабынан заласыздандырылып, сел суу менен агып келген мал жандыктар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылууда.

18-июнда да Ноокенде сел жүрүп, бир өспүрүм каза болгон. Селден улам 300 тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Жыл башынан бери өлкөнүн ар кайсы аймактарында сел жүрүп, короолорду, үйлөрдү жана социалдык мекемелерди сел суусу каптаган.

Exit mobile version