Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги таратты.
Эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү – Максат Оморов жана Талас облусундагы «Мээрим-Себат» Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу – Эльнура Эркинбекова алды.
«Алтын сертификат» алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.
Тестирлөөдө эң көп упай алып, «Алтын сертификатка» татыган окуучулардын тизмеси төмөнкүдөй:
- Аминат Гордаева (234) – Бишкек ш., Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектеби;
- Максат Оморов (234) – Бишкек ш., №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси (былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү);
- Эльнура Эркинбекова (234) – Талас обл., “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейи;
- Самарбек Абдиманнанов (232) – Баткен обл., “Семетей” Кадамжай лицейи;
- Рамазан Айдарбеков (231) – Нарын обл., М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
- Дарина Дудникова (231) – Бишкек ш., №65 Экология-экономикалык лицейи (былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү);
- Исабек Сатимбаев (231) – Ош обл., “Олимп” мектеп-гимназиясы;
- Баястан Сталбеков (231) – Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
- Бек Темиркулов (231) – Чүй обл., Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейи;
- Асхат Бекмухамбетов (230) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Шабдан Жантаев (230) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Ричард Инаркиев (230) – Бишкек ш., “Келечек” окуу-тарбия комплекси;
- Нуржан Абазбеков (229) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Айназик Абдыжапарова (229) – Ош обл, “Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясы” мекемеси;
- Эльмар Бозоев (229) – Бишкек ш., “Билимкана” Эл аралык мектеби;
- Айганыш Дөөлөтбекова (229) – Нарын обл., А.Буйлашов атындагы №8 орто мектеби;
- Дарья Ли (229) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
- Жумадил Ниязбеков (229) – Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
- Актан Асаналиев (228) – Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
- Индира Мажитова (228) – Ош ш., А.Тангатаров атындагы мектеп-гимназиясы;
- Айбек Осмонбаев (228) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
- Самир Сабиров (228) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
- Бекзат Ыдырысов (228) – Бишкек ш., №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
- Ясин Абдурахманов (227) – Чүй обл., Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи;
- Арслан Алымбеков (227) – Бишкек ш., №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
- Карим Асылбеков (227) – Бишкек ш., Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
- Арзыбек Сулаев (227) – Чүй обл., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
- Элдос Тургамбаев (227) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Дмитрий Царенков (227) – Бишкек ш., И.Раззаков атындагы КМТУнун лицейи;
- Дилбара Акжигитова (226) – Бишкек ш., И.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицей;
- Эсентур Асанкулов (226) – Чүй обл., А.Пушкин атындагы №1 гимназия-мектеби;
- Азамат Баргыбаев (226) – Бишкек ш., А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия;
- Сыймык Жусубалиев (226) – Бишкек ш., Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
- Жамиля Камбараалиева (226) – Бишкек ш., К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто билим берүү мектеби;
- Айдана Камчибекова (226) – Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
- Байзак Карыпжанов (226) – Талас обл., “Манас Ата” Талас лицейи;
- Алмаш Мамасалиева (226) – Ош обл., Б.Келдибаев атындагы №25 орто мектеби;
- Нурзат Маматбаева (226) – Ош обл., “Араван Билим-Ордо” билим берүү мекемеси;
- Айсулу Осукеева (226) – Чүй обл., Новопавловка гимназия орто мектеби;
- Каухар Чойбаева (226) – Бишкек ш., №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы;
- Никита Шмыговский (226) – Бишкек ш., №12 мектеп-гимназиясы;
- Шерболот Абдимиталипов (225) – Ош обл., “Олимп” мектеп-гимназиясы;
- Темирлан Асанов (225) – Бишкек ш., А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия;
- Тенгиз Валиев (225) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Бермет Джолоочуева (225) – Бишкек ш., “Билимкана-БААУ” билим берүү мектеби;
- Бектемир Доронбеков (225) – Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
- Жанбол Жаркынбаев (225) – Нарын обл., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
- Сапарбек Кадырбеков (225) – Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
- Темирлан Карабаев (225) – Чүй обл., Новопавловка гимназия орто мектеби;
- Айтуар Карабаев (225) – Бишкек ш., №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
- Никита Михайлов (225) – Чүй обл., А.Пушкин атындагы №1 гимназия-мектеби;
- Салтанат Пазылбекова (225) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Асанбек Туратов (225) – Бишкек ш., №12 мектеп-гимназиясы;
- Рамир Хуснияров (225) – Бишкек ш., №37 гимназия-мектеби;
- Байэл Чолпонкулов (225) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
- Ширин Шакирова (225) – Бишкек ш., Бишкек ш., №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.