Марал Радиосу

Патент маселеси: Салык кызматы соодагерлер үчүн окутууларды өткөрөт

Июль айынан тарта Кыргызстанда патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы салык режимин жана бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн системаны тандай алышат.

Мамлекеттик салык кызматы буга байланыштуу Бишкек шаарынын базарларындагы салык төлөөчүлөргө окутуу-маалымат берүү иштерин жүргүзөт.

Окутуу иш-чаралары борбор калаанын төмөнкү базарларында өтөт:

– 24-июнда саат 10:30да — «Аламүдүн» базарында;

– 24-июнда саат 15:00дө — «Мадина» базарында;

– 25-июнда саат 10:00дө — «Азиз» базарында;

– 25-июнда саат 14:00дө — «Кудайберген» базарында;

– 26-июнда саат 10:00дө -«Сары-Өзөн» базарында;

– 26-июнда саат 15:00дө — «Дордой-Дыйкан» базарында;

– 27-июнда саат 10:30да — «Оберон» базарында;

– 28-июнда саат 10:00дө — «Дордой» базарында, анын ичинде «Кербен», «Алкан базары», «Жунхай» жана «Де люкс» базарларында;

– 29-июнда саат 10:30да — «Баткен Комфорт» базарында;

– 29-июнда саат 15:00дө — Ош базарында.

Салыкчылар контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин» колдонуу боюнча айтып беришет, ишкерлер салык салуу боюнча бардык актуалдуу суроолоруна жооп ала алышат.

Ушундай эле окутуу иш-чаралары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында, кичи базарларында иштеген ишкерлер үчүн да өткөрүлүп жатат.