Марал Радиосу

Өндүрүш Токтонасыровго акча топтоо акциясы аягына чыкты

Бир катар активисттер буга чейин сот тарабынан 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген Өндүрүш Токтонасыровго жардам берүү үчүн акция өткөрүштү. Бир суткага жетпеген убакытта тийиштүү сумма топтолгонун кабарлашты.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду “Расалык, этностук, улуттук, диний, дин аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.

Өндүрүш Токтонасыровго 2023-жылы июлда фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айып коюлган. Ошол жылы Токтонасыровду 30-июнда Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү унаага белгисиз бирөөлөр салып кетишкен. Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров укук коргоочу, жарандык активист катары таанымал. Ал өлкөдө болуп жаткан акыйкатсыздык же адам укуктарына байланыштуу маселелерде пикирин ачык айтып, акцияларды өткөрүп келет.