Марал Радиосу

Жалал-Абадда мамлекетке кайтарылган жерге үйлөр курулуп жатат

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айыл аймагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 22 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлүп, жалпы суммасы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сомду түздү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, учурда бул жер тилкелеринде Мамлекеттик ипотекалык компания  жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатат.

Курулуп жаткан турак-жай комплекстеринин жалпы аянты 424 478 чарчы метр, ал жерде 6610 батир болору пландаштырылууда.    Мындан тышкары, комплекстердин аймагында балдар жана спорт аянтчалары (13 140 чарчы метр), жер астындагы унаа токтотуучу жайлар (2 105 орун) каралган.

Ошондой эле бул жер тилкелерине башка социалдык объектилерди, атап айтканда, университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалганы кабарланган.