Марал Радиосу

Бишкектеги борбордук футбол стадионунун курулушу күзүндө аяктайт

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңылоо иштери боюнча жыйын өткөрдү.

Биримдиктин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары Айбек Абдымомунов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жана Жеңил атлетика боюнча федерациясынын өкүлдөрү да катышты.

Жыйында реконструкция маселелери каралып, стадиондун эскиздик долбоору сунушталды.

Буга чейин маалымдалгандай, борбордук стадион реконструкцияланууда. Трибунанын алдында жайгашкан бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, гибриддик оюн талаасы, жаңы автоматтык сугаруу системасы, жарыктандыруу шам-чырактары орнотулуп, чуркоо аянтчалары менен отургучтар жаңыланат.

Бул иштерди «Кыргыз курулуш» мамлекеттик уюму ишке ашырууда, анда Кыргыз футбол биримдиги өз консультативдик кеңешин берет.

План боюнча реконструкция толугу менен ушул жылдын сентябрь айында аяктайт.