Марал Радиосу

Бишкекте троллейбустардын саны азайтылат

Бишкек шаарындагы айрым гана троллейбус линиялары калтырылат. Калаа мэри Айбек Жунушалиевдин маалыматына караганда, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Иса Ахунбаев көчөсү, Курманжан Датка, Жибек Жолу проспектилери менен каттаган троллейбус линиясы калтырылат.

Калган жолдордон бардык линиялар демонтаж кылынып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгылары жер алды менен жүргүзүлөт.

Мэрдин айтуусунда, троллейбустук линиялардын жалпы узундугу 210 чакырымды түзөт, анын 70 пайызынын эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткен. Бул линияларды алмаштырганга көп каражат кетет. Троллейбустун бир метр чубалгысынын баасы 8 доллар турат.

«Ошондуктан троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа линиялары гана калтырылат. Алар — Чыңгыз Айтматов проспектиси, Иса Ахунбаев көчөсү, Курманжан Датка, Жибек Жолу проспектилери. Калган жолдордон бардык линиялар демонтаж кылынып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгылары жер алды менен жүргүзүлөт. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар болбойт» , — деди мэр.

Троллейбустардын ордуна коомдук каттамга электробустар коомдук каттамга киргизилет. 2023-жылы кабыл алынган келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус алуу боюнча сүйлөшүү процесстери аяктап, электркубаттоочу станцияларды куруу боюнча иштер башталды. Учурда жалпы 152 троллейбус бар. Ош шаарына 150 троллейбус берилет.

Мындан тышкары, 1200 кичиавтобус шаардын сыртына чыгарылды. Анын ордуна автобустар киргизилди. Мэр билдиргендей, республикалык бюджеттин эсебинен миң автобус алынды, Европа банкы аркылуу 114, Германиянын гранты аркылуу 17 автобус алынды, дагы 68 автобус алынары күтүлүүдө.