Марал Радиосу

Poland Open: Жоламан Шаршенбеков менен Амантур Исмаилов алтын утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль утту.

Кыргызстандык балбан финалга чейин алжирдик жана польшалык балбандарды жеңген. Шаршенбеков финалда украиналык спортчуну 9:1 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.

Ошондой эле кыргызстандык балбандар Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев Варшавадагы турнирде финалга чыгышкан.

Амантур Исмаилов финалга чейин алгач сербиялык, андан кийин украиналык жана польшалык балбандарды жеңген.

Ал эми Раззак Бейшекеев биринчи раундда польшалык, андан кийин алжирлик атаандашын утту.

Жыйынтыгында финалдык беттеште кыргызстандык балбандар кез келип, Разак Бейшекеев күрөшпөстөн жеңишти Амантур Исмаиловго ыйгарды.

Мелдештер Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.