Марал Радиосу

Кара-Балтада унаа көлмөгө түшүп 6 бала каза болду

Кара-Балтада унаа көлмөгө түшүп кетип, алты жашы жете элек бала каза болду.

Кырсык 20-июнь күнү кечинде Кара-Балта шаарына жакын Алтын айылына жакын жерде болгон. Фольксваген Джетта үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа көлмөгө түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 11 адам, анын ичинен 8 жашы жете элек бала болгон. Тилекке каршы алардын арасынан алты бала каза тапкан.

Эки бала аман калып, бир аял жана 3 айлык бала тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Алардын абалы канаатандырарлык деп бааланууда. Экинчи 9 жаштагы аман калган  кыз апасы менен экени кабарланды.

Үй-бүлө Алтын айылындагы  суу сактагычка эс алганы келишкен. Кечинде алар каникулдан Кара-Балта шаарына кайтып келе жатышкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, унааны 1984-жылы туулган Г.Т. аттуу жаран башкарган. Айрым маалыматтар боюнча, айдоочу мас болгон.

Каза болгон балдардын өздүгү такталды:
— 2015-жылы туулган Б.В.
— 2018-жылы туулган Б.А.
— 2019-жылы туулган Б.Д.
— 2016-жылы туулган Б.В.
— 2020-жылы туулган Б.Т.
— 2018-жылы туулган Б.К.