Марал Радиосу

Акыйткатчы: Өзгөчө балдардын укугу толук корголушу керек

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аутизмден жабыркаган Урмат Ибраим уулу тууралуу тартылган тасманын жабык көрсөтүүсүнө катышып, Кыргызстанда өзгөчөлүгү болгон балдардын укугу толук кандуу корголуп, коом менен чогуу болушу керек экенин белгиледи.

Акыйкатчы институту тараткан маалыматта «Балким бир күн сурармын» аталышындагы тасма өзгөчө балдар өлкөдө башка жарандар катары бардык мамлекеттик камкордукка, укугу корголгон коомго муктаж экенин көрсөткөнү белгиленет.

Акыйкатчынын айтымында, мындай балдарга мамлекеттик деңгээлде камкордуктар көрүлүп, шарттар түзүлүп, алардын ата-энелерине да колдоо керек.

Бишкекте 18-июнда «Балким бир күн сурармын» аттуу даректүү тасманын жабык көрсөтүүсү болду. Тасмада аутизмден жабыркаган 16 жаштагы Урмат Ибраим уулунун өзгөчө жан дүйнөсү, ата-эне, жакындары менен болгон мамилеси, коомдогу өгөйлөнгөн көйгөйлөр тууралуу көрсөтүлгөн.

Фильмге сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш режиссерлук кылган. Тасма англис тилине которулуп, эл аралык кинофестивалдарга да катышары айтылды.