Марал Радиосу

Бишкектеги Batumi ресторанынын ордуна парк салынып жатат

Бишкектин Жал кичирайонундагы мурдагы Batumi ресторанынын ордуна парк салынып жатканы белгилүү болду.

20-июнда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев парктын курулуш иштери менен таанышты.

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» кафеси 2023-жылы майда буздурулган. Ошол кездеги вице-мэр Нурдан Орунтаевдин айтымында, жер жеңил курулуш үчүн 5 жылга ижарага берилген. Бирок ижарачы унаа токтотуучу жайга туруктуу курулуш куруп, ресторан ачкан. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыктан имаратты бузуу чечими кабыл алынган.

Ошондой эле ресторанды буздурууга жакынкы үйлөрдүн жашоочуларынан түшкөн көптөгөн арыздар себеп болгону айтылган.