Марал Радиосу

Минкаб төрагасы Садыр Жапаровду Петр Биринчиге салыштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 20-июндагы жыйынында сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаровду орус императору Петр Биринчиге салыштырды.

Акылбек Жапаров парламент депутаттарына “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бул тарыхый окуя экенин айтты.

“Убагында Петр Биринчини Европага терезе ачты деп даңазалаган сыяктуу дүйнөлүк рынокко кеңири жол ачкандар урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин командасы – сиздер жана биз болдук деп айтсак болот. Бул жерде дагы бир  маселеге көңүл бөлсөк болот. “Камбар-Ата-1 ГЭСи жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу биздин мамлекеттин тышкы карызын көбөйтпөйт. Бул эки ири курулуш мамлекет менен жеке менчиктин өнөктөштүгү аркылуу болуп жатат”, — деди ал.

Акылбек Жапаров темир жол курулушу менен Кыргызстан туюк өлкөдөн транзит өлкөгө айланарын, жылына бул темир жол аркылуу 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташыларын кошумчалады.

Административдик-аймактык реформа толук күчүнө кирип, анын алкагында калкты тейлөө деңгээли жакшырып, социалдык объектилерди куруу, таза суу менен камсыздоо, өзгөчө кырдаалдарга каршы аракеттенүү маселелери натыйжалуу чечилерин белгиледи.

Жогорку Кенеш 19-июнда темир жол долбоорун, 20-июнда административдик-аймактык реформа жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды.