Марал Радиосу

 Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды

Казакстандын FlyArystan авиакомпаниясы 16-июндан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткара баштады.

Airbus A320 учагы менен Казакстандын борборуна учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт.

Каттам жумасына 2 жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.