Марал Радиосу

Климаттын өзгөрүшү, күндүн ысышы эмнеге алып келет? Эксперттин пикири

Күндүн ысышы, климаттын өзгөрүшү жылдан жылга байкалууда. Кыргызгидромед кызматы 2024-жылы жай айларында өлкө аймагында абанын температурасы 39-40 градуска чейин ысый турганын билдирди.

Климаттын өзгөрүшүнөн күн ысып, анын кесепетинен мөнгүлөр ээрип, ичүүчү жана сугат иштерине суунун тартыштыгы күчөөдө. Суунун жетишсиздиги суу башындагы Кыргызстан эле эмес Борбор Азия чөлкөмүндө курч бойдон калууда.

Адистердин айтымында, сууга болгон муктаждык тамак-аш коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат. Бириккен Улуттар Уюмунун 2050-жылга жүргүзгөн божомолуна ылайык, кургакчылыктан Жер планетасынын 216 миллион жашоочусу ал эми Борбор Азия аймагынан 5 миллион тургун жер которууга аргасыз болот.

Климаттын өзгөрүшү, күндүн глобалдык ысышы дагы кандай кооптонууларга алып келет? Адамзаттын климатка өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө күчү жетеби? Анын ичинде Кыргызстан Париж келишими боюнча кандай милдеттемелерди аткарып жатат? Бул суроолорго Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары. климат жана экология маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Азамат Темиркулов ой-пикирин билдирди.

“Эң алгач климаттын өзгөрүшүнөн улам күн орточо нормадан 2 градуска жылыганы бул биздин мөнгүлөр үчүн абдан кооптуу. Акыркы убакта ар кандай булактарда түрдүү маалыматтар айтылууда. Кыргызстанда мөңгү аянттары 16% га чейин кыскарганы тууралуу.

Мөңгүлөрдун ээриши түздөн түз биздин жашоого, экономикага терс таасирин тийгизет. Себеби биз энергияны өндүрүүгө дагы айыл чарбадагы суугат иштерине сууну пайдаланабыз. Бүгүнкү күндө эле жайдын аптаптуу мезгилинде сугат суунун тартыштыгынан дыйкандарыбыз жакшы түшүм алалбай жатканы белгилүү. Күндүн ысып, суунун тартыштыгынан тамак-аш коопсуздугу, энергия таңкысытыгы жана башка түрдүү ондогон көйгөйлөр жаралат.

Негизинен климаттын өзгөрүшү эки факторго бөлүнөт: адамзат жана табигый фактор.

Табигый фактор болуп келген, бирок аны адам өзгөртө алат деп ишенимдүү айтуу кыйыныраак, ал эми адам баласы жасаган зындуу иштерди токтотсо болот. Себеби индустриялык революцияны түрдүү завод-фабрикаларды иштетип, кен байлыктарды казып адамдар өздөрү жасаган. Эки кылым мурун башталган индустриялык революциянын климатка тийгизген таасиринен бүгүнкү күнгө чейин жабыркоодобуз. Ошол эле учурда индустриялык революцияны баштаган Англия, Германия, Франция, Бельгия сыяктуу өлкөлөр бүгүнкү күндө жашыл экономиканы жакшы ишке ашырышкан. Ал жактагы аба башка өлкөлөргө салыштырмалуу таза. Бүл өңүттөн алып караганда адам баласы климаттын жакшыруусуна чоң салымын кошо алат.

Париж макулдашуусу боюнча айта турган болсок, бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында так максаттар коюлган. Негизги максат энергетика тармагына багыт алган ансыз дагы биздин 85% электр энергия ГЭСтерден өндүрүлөт. Бул экологиялык жактан таза деп эсептелинет.

Ошол эле биздин кошуна Казакстанда электр энергияныны 85% көмүрдөн өндүрүлөт. Бул албетте жакшы көрсөткүч эмес. Бизде Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда дагы кышкысын көмүрдү отун катары колдонгондуктан айрыкча суук мезгилде абага көмүртектин бөлүнуп чыгышы күчөөдө.

Париж макулдашуусуна ылайык, эң ириде биз көмүрдөн баш тартышыбыз керек. Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) толугу менен газга өткөрүшүбүз керек. Шаардын жашоолчулары  жылуулуктун башка газ, күн энергиясы, жылуулук насос сыяктуу альтернативасына өтүп, көмүрдөн баш тартканыбыз же аны азыраак колдонгонубуз алда канча жакшыраак.

Анан албетте, үйлөрдү жакшылап жылуулашыбыз абзел. Себеби биздеги көпчүлүк үйлөр жылуулукту жакшы сактабайт. Ошондой эле абага уулуу заттарды чыгарган транспортторду электромобилдерге алмаштыруу зарыл. Акыркы убакта биздин өкмөт Бишкек жана Ош шаарларында газ менен жүргөн автобустарды каттамга чыгарып жатат, бул жакшы көрүнүш. Жасалып жаткан мындай жакшы иштердин жыйынтыгы азыр дагы көрүнүп жатат ошондой эле келечекке дагы чоң салым болуп эсептелет”.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн 1992-жылдан бери дүйнөлүк деңгээлде БУУна мүчө өлкөлөр климаттын өзгөрүшүндөгү көйгөйлөр боюнча уюштурулган Глобалдык эклогиялык саясат (СОР) конферециясына катышып келет.

2023-жылы аталган конференция Дубайда өткөн. Анда климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу боюнча макулдашууну 198 мамлекет анын ичинде Кыргызстан да жактаган.

Дубайда өткөн саммитте абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу боюнча 2050-жылга чейин милдеттемелер кабыл алынган.

Глобалдык экологиялык саясат конференциясы БУУга мүчө малекеттердин катышуусунда быйыл 2024-жылдын декабрь айында Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөөрү күтүлүүдө.

Кыргызстан буга чейин 2019-жылы БУУнун алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган. Буга ылайык Париж келишимине кол койгон мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын белгиленген нормага ылайык 2 градустан ашырбоого милдеттемелерди алышкан.