Марал Радиосу

Парламент административдик-аймактык реформа жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 20-июндагы жыйынында “Айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө”, “Кыргызстандын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Долбоорду президент демилгелеген.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, аймактык реформа тууралуу маалымат беришти.

Мыйзам долбоорлору администрациялык-аймактык түзүлүштү жана башкарууну реформалоону ыкчам жүргүзүү, региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорцияларды, башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы ажырымдарды жоюу жана акырында региондорду экономикалык өнүктүрүүгө багытталган.

Депутат Камила Талиева мыйзам долбооруна талкуусуз эле добуш берүүнү сунуштады. Буга Надира Нарматова, Эмил Токтошев жана башка депутаттар каршы чыгышты.

Эмил Токтошев саясий жактан маанилүү мыйзам долбоорлорун талкуулоо керектигин айтып, эгер талкуу болбосо кете бериш керектигин айтты. «Колдоп коелу, талкуулабайлы деген эки сөз менен элдин эсинде калабыз» , — деди ал.

Президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбооруна ылайык, 235 бириктирилген айыл аймактарынын жана 33 шаардын административдик чек араларын бекитүү сунушталган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, пилоттук долбоордун алкагында Баткен облусунда Кадамжай районунда 13 айыл аймагы сегизге ирилештирилди.

Жалал-Абад облусунда 67 айыл аймагы 37ге ирилештирилди. Шамалды-Сай райондук маанидеги шаар болду. Жалал-Абад шаарынын аймагы кеңейип, калкынын саны өстү.

Ысык-Көл облусу боюнча 61 айыл аймак 22ге бириктирилип, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларына жакын жайгашкан бирден айыл аймактар кошулду.

Нарын облусунда 63 айыл аймак 27 айыл аймакка ирилештирилди. Ош облусунда 88 айыл аймагы 58ге бириктирилди. Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айыл аймактары Ош шаарына карап калды.

Талас облусунда 37 айыл аймак 16га бириктирилди. Чүйдө 105 айыл аймак 49га ирилештирилип, сегиз айыл аймак Бишкек шаарына кошулду. Кант жана Кара-Балта шаарларына облустук маанидеги шаар макамы берилди.

Бишкек жана Ош шаарлары мамлекеттик маанидеги өнүгүү борборлору болот.

Өкмөттөн билдиришкендей, айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган.