Марал Радиосу

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-23-июнда күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.