Марал Радиосу

Түркияда акысыз дарылануучулардын квотасын 500гө көбөйтүү сунушталды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугушту. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну тереңдетүү маселелери жөнүндө сөз болду.

Кыргызстандын жарандарына Түркияда бекер дарылануу боюнча келишимди жандандыруу жана квотаны 150дөн 500го көбөйтүү сунушталды.

2014-жылдын 3-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Түркия өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы «Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жөнүндө» макулдашууга кошумча болгон 2019-жылдын 20-майындагы Женева шаарында кол коюлган кошумча протоколдун негизинде, кыргызстандык бейтаптар үчүн бөлүнүүчү квотанын саны 100дөн 150гө чейин көбөйгөн.