Марал Радиосу

Парламент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Жогорку Кенеш 19-июндагы жыйынында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үч окууда талкуусуз кабыл алды.

Темир жол долбоорун ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт деп айтылат.

Үч өлкөнүн темир жол администрациялары менен биргелешкен долбоордук компания түзүлүп, курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылат.

Биргелешкен долбоордук компаниянын ишмердүүлүгүн камсыздоо максатында кытай тараптын ыйгарым укуктуу уюму 51%, ал эми кыргыз жана өзбек тараптын ыйгарым укуктуу уюмдары 24,5% алат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев долбоор 2024-жылдын октябрында башталарын маалымдады.