Марал Радиосу

Бажы кызматы журналист Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү боюнча үн катты

Мамлекеттик бажы кызматы иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдун YouTube каналында жарыяланган “Казынаны какшаткан жыртык” аталыштагы видеоматериалы боюнча билдирүү таратты.

Мекеме журналист маалыматтын аныктыгын текшерип, чагылдырылып жаткан жагдайды тереңирээк иликтеп чыгышы керек эле деп билдирет.

“Исаков башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринен интервью алып, бирок бажы кызматын күнөөлөөнү улантууда. Мындай аракеттер көз карандысыз журналист каралоо боюнча атайын иш алып барып, бажы кызматын коомчулуктун алдында жаманатты кылуу максатын көздөйт же серепчи мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнбөйт деген ойго түртөт. Анда Ыдырыс Исаков «иликтөө» жүргүзүүгө жана мындай маалыматтарды жарыялоого канчалык компетенттүү деген суроо туулат?! Калкка маалымдоо жөнүндө сөз болгондо, тандалып алынган тема автор тарабынан изилдениши керек, андан да мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн чагылдырууда, жок дегенде ведомствонун ишин жөнгө салуучу негизги укуктук документтер менен таанышуу зарыл. Исаковдун ишинде андай болгон жок, бул анын кесипкөйлүгүнүн жоктугунан кабар берет. Буга чейин Ыдырыс Исаков мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал боюнча видеоматериал жарыялаган, анда да бажы кызматынын дарегине айтылган айыптар камтылган” , — деп айтылат Бажы кызматынын билдирүүсүндө.

Мекеме Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылдын 12-августунда кошулганын эске салып, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарларды бажылык декларациялоо жана мамлекеттик көзөмөлсүз эркин ташуу ишке ашырыларын кошумчалады. Башкача айтканда, 9 жылдан бери кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү жок экени айтылды.

Бажы кызматы журналист кетирген каталарын оңдоп, видеоматериал жасабаса тийиштүү органдарга кайрыларын эскерткен.

Төмөндө иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдун видеоматериалы.