Марал Радиосу

Президент Бишкектеги жарнама такталарын алмаштырууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды лед экрандарга алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал бул ишти 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырды.

«Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED-экрандарга алмаштыргыла. Шаардын ичин иретке келтиргиле. Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым», — деп жазды өлкө башчы.