Марал Радиосу

Бишкекте УКМКга караштуу бала бакча ачылды

Бишкек шаарындагы Көк-Жар жаңы конушунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Атайын кызматтан кабарлашты.

100 орунга эсептелген “Мекендин келечеги” бала бакчасынын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Ташиев УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын  жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун айтып, бардык аймакта УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүп жатканын кошумчалады.