Марал Радиосу

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаардар министрлиги өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 17-июнда түштөн кийин, ошондой эле 18-19-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

ӨКМ нөшөрлөгөн жамгырдан дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн жана сел каптоонун алдын алып, арыктарды таза кармоону эскертет.