Марал Радиосу

Украина кезектеги саммитке Орусияны чакырат

Украина боюнча кезектеги саммит согушту токтотууга алып келиши керек жана ал жакка Орусия чакырылат. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдиргенин Украинанын Strana.ua сайты жазды.

Бул иш-аркеттер Украина фронттогу позициясын жакшырткандан кийин болушу мүмкүн, деп жазылган маалыматта.

«Кийинки саммит согуштун соңуна чыгат деген ойдобуз.  Согушту токтотууга эки тарап тең керек экени айдан ачык, биздин милдет – Украинанын азыркы учурда эң күчтүү позицияда болушун камсыздоо», — деди министр.

Ошол эле учурда Кулеба Москва менен Киевдин ортосундагы куралдуу жаңжалды жөнгө салууда Батыш менен “глобалдык түштүктүн” позициялары ар башка экенин билдирди.

15-16-июнда Швейцарияда орус-украин чатагы боюнча саммит өттү. Ага 160 өлкө жана бир катар эл аралык уюмдар чакырылып, иш-чарага 90дон ашык мамлекет катышты. Жыйынтыктоочу жалпы билдирүүгө 80 мамлекет кол койду. Декларацияда Киев кубаттап жаткан тынчтык формуласынын үч пункту бар.