Марал Радиосу

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль утту

Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы (AIBO) биология боюнча Эл аралык олимпиадада 2 күмүш жана 5 коло медаль утуп алышты.

Анын ичинен «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин окуучусу Данияр Гаипов, Таластагы “Манас Ата” лицейинин окуучусу Байзак Карыпжанов күмүш утту.

Ал эми Кара-Балтадагы Жайыл баатыр атындагы лицейдин окуучусу Арсений Виноградов, Караколдогу Х.Карасаев атындагы  лицейдин окуучулары Азирет Анварбеков жана Нурсултан Нусувалиев, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Алан Кошмуратов, Бишкек шаарындагы №65 лицейинин окуучусу Дмитрий Рубан коло медалга татыды.

9-14-июнь күндөрү Бухара шаарында өткөн эл аралык олимпиадага 18 өлкөдөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.