Кыргызгидромет билдиргендей, 15-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32 градус ысык.