Марал Радиосу

Максим Лисицын футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болду

Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги 14-июнда кабарлады.

46 жаштагы орусиялык адис Максим Лисицын курама команданы сентябрь айында баштала турган 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт.

Маалыматка караганда, Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы Кыргыз Республикасынын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

13-июнда Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитети Лисицындын талапкерлигин бекиткен.

Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга эсептелинген.

Максим Лисицын Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.

Улуттук кураманы буга чейин Штефан Таркович машыктырып келген. Аны менен келишим аяктаган.

Ал кыргыз курамасын 14 ай машыктырды.

Exit mobile version