Марал Радиосу

Бишкек: Суу өчүрүлүп, биодааратканалар орнотулду

Бүгүн, 14-июнда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектеги Саманчин, Малдыбаев, темир жол линиясы жана Ибраимов андан ары Ж.Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймактарда суу өчөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жана шаардык кызматтардын рационалдуу иштеши үчүн диаметри 400 мм болгон суу түтүктөрүн оңдойт.

Шаар тургундарын күн бою таза суу менен камсыз кылуу үчүн 14 унаанын жардамы менен ичүүчү сууну жеткирүү уюштурулат. Алар сууну күнү бою жеткиришет. Мындан тышкары биодааратканалар орнотулат.