Марал Радиосу

Бүгүн Ахунбаев – Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкекте Иса Ахунбаев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 14-июнда саат 10:00-20:00 аралыгында Ахунбаев – Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, учурда Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.