Марал Радиосу

14-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Баткенде түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+37,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус ысык.