Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан оңдолду

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ишке берилди. Фонтандын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутаттар катышты.

Фонтанды оңдоо иштери жүргүзүлүп, он бир даана жогорку сапаттагы борбордук электр насостору, жарыктардын өңүн кезек-кезеги менен алмаштырып турганга дистанттык башкаруу ситемасы, гранит каптоо орнотулду.

Акылбек Жапаров жаңыланган фонтан шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү жайына айланарын белгиледи.