Марал Радиосу

Кувейтте өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кувейтте өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштери министрлиги билдирди.

Кувейттин түштүгүндөгү Эль-Ахмади провинциясынын Манкаф шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 43 адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Алардын көбү Индиянын жумушчулары болгонун чет элдик басылмалар жазды.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган эмес.

Кыргызстандын элчилиги Кувейт мамлекетинин компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болууда.