Марал Радиосу

Кыргызстанда биринчи жолу тигүү тармагындагы ишкерлердин форуму өттү

11-июнда жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 1-масштабдуу форум өттү. Иш-чараны Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы уюштурду. Ага, Экономика Министрлигинин бир катар кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кытай Эл Республикасынан келген бизнес өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын уюштуруучусу Жасур Парпиев өлкөдөгү жумушсуздукту жоюуда мындай иш аракеттер жардам берет дейт.

-Иш-чаранын негизги максаты Кыргызстандагы жеңил өнөр жай кызматкерлеринин башын бириктирүү. Биздин ишкерлерге Кытай ишкерлери менен түз иштешүүгө мүмкүнчүлүк жаратканга аракет кылдык. Бул сыяктуу иш-чараларды байма-бай өткөрүп турушубуз керек. Себеби, өлкөдөгү жумушсуздукту азайтууга салым кошот.

Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Үсөнбеков тигүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө кызматкерлерди мамлекет колдоп жатканын жана аталган тармактын кызматкерлери мамлекет менен ачык иштеп жатканын айтат.

-Мамлекет тигүү тармагындагы кызматкерлерге патенттен тышкары, камсыздандыруу төлөмдөрүн, киреше салыктарын төмөндөтүп берген. Мамлекет тигүүчүлөрдүн эмгегин баалап, алардын кызматын колдоого алышыбыз керек. Азыркы учурда аталган тармактын өкүлдөрү дагы өз көйгөйлөрүн айтып, биз менен ачык иштешкенге аракет кылып жатышат. А биз ар дайым колдоого даярбыз, буюрса мындан да көп ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз.

Ал эми Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Дилара Дүйшөбаева биздин максат Евразия экономикалык биримдигинде Кыргызстанды текстилдик хабка айландыруу дейт. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын ишкерлери менен түзүлгөн келишимдин артыкчылыктарына токтолду.

-Кыргызстандын кытайдагы элчиси Актилек Мусаеванын көмөгү менен кытайга эки жолу барып келдик. Ал жактан Кыргызстандын тигүү тармагындагылар биригишибиз керектигин түшүндүк. Анткени кытайлар “Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы” түзүлгөндөн кийин гана мамлекеттик деңгээлде карап баштады. Кытайга барууга Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги колдоо көрсөтүштү. Мамлекет колдоп артыңда турса ишкерлер үчүн чоң жардам болот экен. Биздин негизги максатыбыз Евразия экономикалык биримдигинде Кыргызстанды текстилдик хабка айландыруу.

Расмий статистикалык маалыматка караганда, 2023-жылы Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү мурдагы жылга караганда 62 пайызга өскөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тигүү тармагындагы товарлар Орусияга экспортолот. Ал эми жеңил өнөр жайында иштетилген чийки заттын 90 пайызга чукулу Кытайдан импорттолот.