Марал Радиосу

Курман айт күнү эртең менен коомдук транспорт элди бекер ташыйт

 Бишкекте 16-июнь, Курман айт күнү эртең менен коомдук транспорт элди бекер ташыйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Учурда борбордогу бир топ негизги жолдордо оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу жана жол тыгындарын азайтуу максатындабардык жарандарга коомдук транспортто бекер жүрүү сунушталат.

16-июнда тургундар эртең мененки саат 5:30дан 11:00гө чейин муниципалдык автобус жана троллейбустарда акысыз жүрө алат. Акция шаардын бардык аймагында жеткиликтүү болот.