Марал Радиосу

Кыргызстанда 92 зыяндуу калдыктар сакталган жай бар

Расмий маалыматтар боюнча, СССР бийлиги кансыз согуш учурунда Кыргызстандын аймагында 1946-1947-жылдары уран казууну баштаган. Алгач Кажы-Сай, Майлуу-Суу, Миң-Куш, Чаткал аймагында, кийин Ак-Түз уран кендери жабык түрдө өндүрүлө баштаган.

Жалпысынан Кыргызстанда 92 зыяндуу калдыктар сакталган жайлар бар, алардын ичинен 66сы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында. Бүгүнкү күндө урандын уулуу калдыктары тынчсызданууну жаратып келет. Алардын эң кооптуулары Майлуу-Сууда 23, Миң-Кушта 4, Кажы-Сайда 1  уран калдыктары сакталган жайлар.

Адистер Майлуу-Суудагы уран калдыктары сакталган жайлар биздин өлкөгө эле эмес, Борбор Азия аймагына коркунуч жараткан дүйнөдөгү кооптуу аймак деп белгилейт.

Кыргызстан алгач эгемендикти алган жылдардан тартып эл аралык уюмдардан радиоактивдүү, уулуу калдыктарды рекултивациялоого жардам сурап келген. Анын ичинде биздин өлкө 2003-жылы Эл аралык атомдук энергетика агенттигине (МАГАТЭ)  мүчө болгон. Буга чейин Кыргызстан 1997-жылы Биргелешкен конвенцияга мүчө болгон. Конвенциянын негизги максаты иштетилген күйүүчү май жана радиоактивдүү калдыктардын кооптуулугун жоюу болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстан өз аймагында 1999-жылы “Калктын радиоктивдүүлүк коопсуздугу” жөнүндө мыйзамын жана 2001-жылы, “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары” жөнүндө мыйзамын кабыл алган.

Калдыктар сакталган жайда абага чыккан уулуу заттар адамдардын клеткаларын жана ДНКсынын өзгөрүшүнө  алып келип, түрдүү мутацияга дуушар кылып, онкологиялык катуу оорларга чалдыктырат. Андыктан уулуу калдыктар сакталган жайдын айланасы тосулуп, эрежеге ылайык ал жерден агын суулар акпашы керек.

ӨКМдин калдыктарды сактоо боюнча департаментинин бөлүм башчысы Бактыбек Асангулов учурда калдыктар сакталган жайларда рекультивация иштери Росатом менен биргеликте Эл аралык атомдук энергетика агенттигинин талаптарына ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Кыргызстанда кооптуу болгон калдыктар сакталган жайларда рекультивация иштери жүрүүдө. Росатом менен биргеликте алгач Чаткал аймагында Шекафтар уран калдыктары сакталга жай жана Ыссык-Көл аймагындагы Кажы-Сай урандын зыяндуу калдыктары сакталган жай 2018-жылы калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп баштаган. Учурда Кажы-Сайда калыбына келтирүү иштери аятаган ал жерде азыр айлана тегерегин тосуу гана иштери калды. Бул жумуштар да жакын арада бүтөт деп ишенебиз. Ошону менен Кажы-Сай аймагы толук коопсуз болот.

Миң-Кушта төрт уран калдыктары жана төрт кен калдыктары сакталган жайлар бар. Ал жерде бүгүнкү күндө рекультивация иштери жүрүп жатат. Жакын арада Майлу-Суу шаарындагы калдыктар сакталаган жайлар дагы калыбына келтирүүнүн алдында турат. Албетте бардык иштер Эл аралык атомдук энергетика агенттигинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт мындан тышкары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан дагы тиешелүү көзөмөл иштери жүргүзүлөт». 

Эколог Айгүл Рысалиева калдыктар сакталган жайларда текникалык жана биологиялык  рекултивация иштери тиешелүү деңгээлде жетиштүү жүргүзүлбөт. Ошондой эле ал калдыктар сакталган жайларды калыбына келтирүүдө Кыргызстан Канаданын, Европа өлкөлөрүнүн, Орусиянын жана кошуна Казакстандын практикаларын колдонсо болорун билдирди.

«Уулуу заттарды рекультивациялоо иштери негизинен комплекстүү сапттуу иштерди талап кылат. Мисалы: Канада, Жапония сыяктуу же Европа өлкөлөрүндө уран казылган жерге абдан кылдаттык менен рекультивация иштери жүргүзүлөт. Калыбына келтирүү иштери негизинен экиге бөлүнөт техникалык жана биологиялык болуп. Техникалык калыбына келтирүүдө уулуу заттар атайын коопсуз, агын суудан алыс жайга көчүрүлүп, тегереги адам эмес, мал-жандыктар дагы кире албай тургандай болуп тосулушу шарт. Биологиялык калыбына келтирүүдө калдыктар сакталган жайдын айланасына толугу менен зыянсыздандырылгандан кийин түрдүү бак-дарактар отургузулуп жашылдандырылат. Биздин өлкөдө тилекке каршы мындай иш-аркеттердин жүрүшүн байкабай элебиз. Ушул сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн, ошондой эле кошуна Казакстандын практикасын Кыргызстан колдонсо болот». 

Эл аралык атомдук энергетика агенттигинин жүргүзгөн рейтингине ылайык, дүйнөдө радиоактивдүүлүк эң жогорку көрсөткүчкө жеткен аймак катары Украинаны Чернобыль зонасы жана Жапониянын Фукусима аймагы көрсөтүлгөн.

Exit mobile version