Марал Радиосу

Бир катар ишканалар элден сүт сатып алууну азайтты

Кыргызстандагы бир катар сүт иштетүүчү ири заводдор элден сүт сатып алууну чектеп жатышат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Үмүт и К» ишканасынын Ысык-Көлдөгү филилалы үч күн элден сүт алган жок, 10-июндан тарта аз өлчөмдө ала баштаган.

«Ала-Тоо Сүт» заводу ремонт үчүн жабылган. «Ак-Булак плюс», «Сут-Булак» жана «Ак-Жалга» сүт заводдору да элден сүт сатып алууну азайтышты.

«Май-Булак Каракол» жана «Балыкчы-Сүт» сыяктуу чакан ишканалар сүттү беш тоннанын чегинде кабыл алышууда.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин май айынын орто ченинде фермерлер менен кайра иштетүүчү ишканалардын ортосунда сүттүн литрине 27 сомдон төлөө боюнча келишим түзүлгөн.

Ысык-Көл облусундагы сүт заводдордун өкүлдөрү жакынкы күндөрү элден сүт сатып алуу жанданарын, 1 литр сүт 25 сом болорун айтышкан.

Майдын аягына чейин сүт ушул баада алынып келгени менен, 1-10-июнь күндөрү кайрадан 25 сомго түшүп калган.

Чектөөлөр фермерлерге акча төлөй албагандыктан, заводдор сүттү көп өлчөмдө кабыл ала албай жаткандыктан, ошондой эле даяр продукцияны сатыкка чыгарбагандыгы менен байланыштуу. Айрым ишканалар оңдоо иштерине байланыштуу жабылганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 15-майдагы жыйынында сүттүн баасына байланыштуу маселе көтөрүлүп, депутаттар «сүттүн баасы 40 сомдон кем болбосун» деген токтом аткарылбай жатканын сындашкан.

Жогорку Кеңеш 2-мартта токтом кабыл алып, бир литр сүттүн наркы 40 сомдон кем болбошу керектигин бекитип берген.