Марал Радиосу

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

 Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

11-июнда күндүн экинчи жарымында жана 12-13-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.