Марал Радиосу

Кыргызстанда алгачкы боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады

Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жаткан боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Операция 8-9 саатка созулуп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.

«Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деп белгиледи министр.

Операцияга катышкан адистер саламаттык сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.