Марал Радиосу

5 айда жол эрежесин бузуудан бюджетке 224 млн сом түштү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында беш ай аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жайкы туристтик мезгилди өткөрүү боюнча ыкчам кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда жыл башынан бери өлкө аймагында 464 миң 976 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик бюджетке 224 млн 127 миң 865 сом өндүрүлгөнү айтылды. Анын ичинен:

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 40 миң 745 унаа айып короо жайына токтотулган.