Марал Радиосу

Министрлик Миң-Куштагы радиациялык абал боюнча маалымат берди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Миң-Куштагы радиациялык абал тууралуу маалымат таратты.

1-июнда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “ЭРН-Строй” ЖЧКсынын жүк ташуучу унаасы көпүрөдөн кулаган. Буга баланыштуу, авариянын себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациалык коопсуздук бөлүмү кирди.

Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, абал туруктуу экенин аныкташкан, кооптонууга себеп жок экени айтылды. Андан тышкары, суунун-жердин үлгүлөрү изилдөөгө алынды, жыйынтыгы он беш күн ичинде чыгарылары маалымдалды.

Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген оор жүк ташыган унаа кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөнү 3-июнь күнү белгилүү болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган. Жүк ташуучу унаа “Росатомдуку” экени кабарланган.