Марал Радиосу

11-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Кыргызгидромет маалымдагандай, 11-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык.