«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезекке туруу кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Бул узун кезектердин алдын алып, убакытты үнөмдөйт. Жаңы кызмат “Инфоком” мамлекеттик ишкана тарабынан иштелип чыккан жана “Түндүк” мамлекеттик мекеме менен биргеликте ишке ашырылган.