Марал Радиосу

Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды

Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президенти Садыр Жапаров кол койду.

Нурлан Токобаев экономика илимдеринин кандидаты. «Кыргызстандын заманбап өнүгүүсүндөгү коркунучтар жана чакырыктар» аталышындагы монографиянын автору.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилигин буга чейин Азамат Карагулов башкарган.