Марал Радиосу

ЖК комитети эмгек министрине Жылдыз Полотованын талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 10-июндагы жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованы дайындоого макулдук берди.

Эми анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жалпы сессияда карайт.

7-июнда Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Гүлнара Баатырова буга чейин саламаттык сактоо министри кызматын да аркалаган.