Марал Радиосу

Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика боюнча Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды

Кыргызстандык пара жеңил атлетчи Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн «Дүйнө Гран-При» аттук лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу (Юлия Фернас — коштоп жүрүчү) 1500 м аралыкты 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Жүзбаева катышкан мелдеш 6-8-июнда Ноттвиль шаарында өттү.Кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнь күндөрү Париж шаарында (Франция) өтөт.  Ага ата мекендик жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев (Артём Шапилов — коштоп жүрүүчү) катышат.